БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Cеит Убукеев ээлеген кызматынан бошотулганын КР президентинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка Алмазбек Атамбаев кол койду.
Сеит Убукеев 2011-жылдын башында Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу болуп дайындалган.