БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. 2016-жылы Россияга виза менен келип иштей турган чет элдиктерге берилген квота быйылкыга салыштырмалуу 22,4 пайызга кыскарып, иштөө укугу болгону 214 миң кишиге бериле турганын орус өкмөтү билдирди.
"2016-жылы чет элдик 213 миң 929 кишиге иштөө үчүн квота берилет. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 77,6 пайызды түзөт", — деп айтылат орус өкмөтүнүн Twitterдеги баракчасында.
РФтин эмгек министрлигинин алдында түзүлгөн Ведомстволор аралык комитеттин баалоосу боюнча виза менен Россияга келип иштей турган жумушчулардын саны 20 пайыздан ашык кыскарды.
Маалыматка ылайык, профессионалдуулук керек болгон кызматтарга талап бар. Квалификациялуу жумушчулар 2016-жылы талап кылынгандын 94,7 пайызын түзөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда виза режими жок. Андыктан квотанын кыскарышы кыргызстандык мигранттарга таасир бербейт.