БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кечээтен бери Бишкекте изделип жаткан төрт жаштагы Актан Дайырбеков Мраморное айылынан табылды. Бул туурасында шаардык милициядан Sputnik маалымат сайтынан кабарлашты.
Бишкек шаардык ИИМ милициядан бала атасы менен бирге Мраморное айылындагы таежесиникинен табылгандыгын билдиришти.
Буга чейин ИИМ 15-декабрь күнү болжол менен саат 17.00дө баланын атасы мас болуп уулу менен үйдөн чыгып, бир аз убакыттан кийин таппай калгандыгын кабарлаган.
Алар кийинчерээк атасы Актанды Аламүдүн базарынын аймагынан жоготуп жибергени аныкталгандыгын кошумчалашкан.
Окуянын чоо-жайын тартип коргоо органдары иликтеп жатат.