БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кечээтен бери Бишкекте төрт жаштагы Актан Дайырбеков аттуу наристе изделип жатканын шаардык ИИБ билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, 15-декабрь күнү болжол менен саат 17.00дө баланын атасы мас абалында уулу менен үйдөн чыгып, бир аз убакыттан кийин таппай калган. Кийинчерээк ал Актанды Аламүдүн базарынын аймагынан жоготуп жибергени аныкталган.
Баланын бою 70 сантиметр келип, арык чырай экени айтылууда. Көк түстөгү куртка, ак шапке, кара көк спорт шым жана кара бут кийим кийип жүргөнү белгилүү.
Милиция Актан Дайырбеков тууралуу көрүп-билгендер болсо 0 312 43-28-15, 0 550 102 872, 0772 102 201 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.