00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
10:03
1 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын чыгарылыш. Жеңиш күнү
11:05
0 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
12:04
20 мин
К 81 годовщине Победы в Великой Отечественной войне
Трансляция Парада Победы на Красной Площади в Москве
13:00
0 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Праздничный эфир, посвященный 9 мая
14:04
41 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Тема дня
Им разрешили совершить геноцид Советского народа и не собирались наказывать — вспоминаем жертв концлагерей ВОВ
14:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Таберик
Кыргыздын Чолпон жылдызы Чолпонбайдын музейине саякат
17:06
34 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Меняющие мир
Учиться в 50 - норма: директор ВШЭ о дополнительном образовании и смене профессии
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жогорку Кеңеш акыйкатчыга кайрадан сынак жарыялады

Жазылуу
Тийиштүү документтер 16-декабрга чейин тапшырылышы керек. Шарт боюнча буга чейин акыйкатчы болом деген талапкерлер кийинки сынакка катыша албайт.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына документтерди кабыл ала баштаганын парламенттин сайтынан белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спикер Жээнбеков: Акыйкатчынын шайланбай калышынан трагедия кылыштын кереги жок
Буга чейин ЖК шайлоо өткөрүп, бирок башкы укук коргоочуну тандай алган эмес. Шайлоо үч тур менен өтүп, акыркысынын жыйынтыгы боюнча жалгыз талапкер Атыр Абдрахматовага 46 депутат макул болуп, 69 эл өкүлү каршы чыккан. 

Парламенттин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитет жетекчисинин орун басары Алмамбет Шыкмаматов Sputnik агенттигине берген маегинде акыйкатчы кызматына өткөн шайлоого катышкан талапкерлер добуш берүүгө катыша албай турганын белгиледи. Буга чейинки шайлоого тогуз адам катышкан. 

"Мыйзам боюнча да, логика боюнча да аталган талапкерлерге баа берилди", — дейт Шыкмаматов.

Депутат акыйкатчы акыркы шайлоодон 14 күн өткөндөн кийин 30 күндөн кеч эмес шайланышы керектигин кошумчалады. Демек, январдын ортосунда Жогорку Кеңеш дагы бир ирет Акыйкатчыны тандоого аракет кылат.

Болочоктогу талапкерге төмөнкү талаптар коюлат:

  • Кыргызстандын жарандыгы;
  • Башка өлкөнүн жараны болбош керек;
  • Мамлекеттик жана расмий тилди билүү;
  • 30 жаштан 65 жашка чейин;
  • Сот жообуна тартылбашы керек (Бул ИИМдин маалымат кызматы тарабынан тастыкталышы кажет).

Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында буга чейинки акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин иш-аракетин канааттандырарлык эмес деп таап, кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Мыйзам боюнча акыйкатчыны шайлоо бир ай ичинде, башкача айтканда 25-июлга чейин шайланышы керек болчу.

Аманбаев кызматтан кеткенден кийин анын милдетин аткаруучу болуп, орун басары Гүлнара Жамгырчиева дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0