00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев: эл өлкөдө "кол тийгис" чиновниктер жок экендигине ынана баштады

Жазылуу
Президент Апрель революциясынан кийин коррупцияга каршы күрөш башталгандыгын айтты.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бардык кыйынчылыктарга карабастан Кыргызстан өнүккөн, демократиялуу, коррупциядан арылган өлкө болуп калаарына ишенем деп айтылат президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата жасаган кайрылуусунда.

Мындан 10 жыл мурда Кыргызстан Бириккен Улуттар уюмунун коррупцияга каршы күрөш боюнча Конвенциясын ратификациялоо менен бул жаатта милдеттерди өзүнө алган. 

Президент Апрель революциясынан кийин коррупцияга каршы күрөш башталгандыгын айтты.

"2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин биз демократиялуу жана гүлдөп-өнүккөн Кыргызстанды куруу жолундагы негизги тоскоолдук болгон коррупцияга каршы катуу жана келишкис күрөш баштадык. Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупцияны жоюу боюнча кардиналдуу чечимдер кабыл алынып, алар ушул күндө оң натыйжаларды бере баштады", — деп айтылат кайрылууда.

Президент Кыргызстан коррупцияны кабылдоо боюнча эл аралык индекстеги өзүнүн позициясын ишенимдүү түрдө жакшыртып жаткандыгын айткан.

"Кыргызстан жарандары бул күрөш акыйкаттуулукту коргоого багытталганына, өлкөдө "кол тийгис" чиновниктер жок экенине жана мындан ары да ээлеген кызматына жана коом алдында мурда сиңирген эмгегине карабастан, андайлар болбой турганына барган сайын ынана баштады",— деген Атамбаев. 

Президент коррупция боюнча өлкө иштин башатында гана турганын, ага каршы күрөшкө бүт коомчулукту тартып, мамлекеттик аппараттын, саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын күчтөрүн бириктирүү зарылдыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0