БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Жол кайгуул кызматы "Коррупциянын тамырын кырк" атуу тегерек стол уюштуруп жатканын аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн, 8-декабрь күнү Жол кайгуул кызматынын имаратында саат 11.00дө башталат.
Кеңештин ишине ЖКК жетекчилиги, ИИМ өкүлдөрү, ардагерлер кеңеши жана коомчулуктун катышары күтүлүүдө.
Коррупцияга каршы күрөш эл аралык күнү 9-декабрда белгиленет.