БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Сирияда үч россиялык журналист машинасы аткылангандан кийин жарадар болгонун Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
"Кечээ, 23-ноябрда россиялык журналисттердин унаасы сириялык аскерлердин алдыңкы позициясы жайгашкан Дагмашлия калктуу пунктуна бара жатканда аткылоого туш болгон. Машина "ТОУ" танктарга каршы ракетадан атылган", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда россиялык журналисттердин тобу "Хмеймим" авиабазасына кайтышты. Жарадар болгондорго медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Жабыркагандардын биринин баш мээси чайкалганы айтылып жатат.