БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин кызматкерлери милицияга кол салды деген эки кылмышкерди издеп жатканын окуя болгон жерден Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча милиция кызматкерине кол салды деген шек менен чымыр денелүү эки кылмышкер изделүүдө.
"Атып өлтүрүлгөн аймактык милициянын сөөгү 8-кичи райондогу №38 үйдүн короосунда жатат. Короо курчоого алынып, эч кимди киргизбей жатышат", — деп окуя болгон жерден Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.
ШИИБден билдиришкендей, милицияга ок чыгарылганы боюнча маалымат кечки саат 7.55тер чамасында келип түшкөн. Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБдин кызматкери кенже лейтенат Актилек Абдувалиев каза болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча милиция кылмышкерлерди кармоого аракет кылган учурда ага карата ок чыгарышкан. Кылмышкерлер изин суутуп кетишкен.
Күч түзүмдөрүндөгү булак билдиргендей, Абдувалиевге үч ок тийген.