БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Россияда өткөн Эл аралык "Волоколамский рубеж" аттуу аскердик-патриоттук тасмалардын сынагында баш байгеге ээ болгонун аталган фильмдин сопродюсери Алтынай Койчуманова билдирди.
Маалыматка ылайык, фестиваль быйыл 12-ирет өттү. Сынак жаш муунду патриоттук демде тарбиялоону максаттайт. Уюштуруучулардын айтымында, "Сүтак" фестивалга өз жерине берилгендикти мыкты чагылдырып, мекенди даңазалаган тасма катары чакырылган.
Кыргызстандык фильмди фестивалда режиссер Абдыкалыков өзү тартуулады.