БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев кызматынан алынды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Жаңы өкмөт дайындалгандан кийин Элебаев бул кызматка бекитиле элек болчу.
Нурбек Элебаев Sputnik агенттигине кызматтан алынганы боюнча маалыматы бар экенин, бирок буйрукту өз көзү менен көрбөгөнүн айтты.
"Эми эмне иш менен алектенеримди так айта албайм. Башка жумуш боюнча сунуштар деле түшө элек", — деди ал.
Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктигин Элебаев бир жылдан ашык башкарды.