БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Лондон шаарында 135-ирет өткөн Дүйнөлүк туристтик көргөзмөгө Кыргызстандан төрт компания катышканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага 186 мамлекеттен келген өкүлдөр катышып, туризм, мейманкана жана транспорт бизнес жаатындагы 50 миңден ашуун адис келди.
Кыргызстандан барган делегациянын тематикалык семинарларга, конференцияларга катышуусу, чет элдик компаниялар менен жолугуп, бир катар келишимдерди түзүүсү каралган.
Мындан тышкары, ишкерлер Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилик өкүлдөрү менен жолугуп, мамлекеттин туристтик потенциалын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.