Жаңы министрлер кабинетинин курамында мурдагы үч министрлик — Коргоо министрлиги, Энергетика министрлиги, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги болбойт.
Темир Сариевди бул кызматка парламенттин көпчүлүк коалициясы көрсөттү.
Эми президент Алмазбек Атамбаев түзүлгөн өкмөттү бекитүү жөнүндө документке кол коюшу керек.