БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында ала-булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн —3 градуска чейин суук болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Тоолуу аймактардагы жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.