БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Милиция кызматкерлери тарабынан өткөн "Арсенал" рейдинин алкагында бир катар жарандар өз ыктыяры менен курал-жарак тапшырганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Таластан Жон-Арык айылынын 32 жаштагы тургуну Калашников автоматынын 21 огун тапшырса, Жайыл районунун жашоочусу 16-калибрлүү мылтыгын милицияга өткөрүп берген.
Ошондой эле Сокулук районунун 22 жаштагы тургуну Чоң Чүй каналынын жээгинен таап алган газ тапанчасын өз ыктыяры менен тапшырып кеткен.
Министрлик өз ыктыяры менен курал-жарак жана ок-дары тапшырган жарандар жоопко тартылбай турганын эскертет.