Көпчүлүк коалициянын ой-чуңкуру

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүЧиновниктердин жыйын залы. Архив
Чиновниктердин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коалицияны түзүү тартиби жана анын өкмөттү түзүүдөгү укугу тууралуу Sputnik агенттигинин материалынан окуңуз.

Парламенттик көпчүлүк коалиция деген эмне?

Жогорку Кеңеште фракциялардын коалициясын түзүү тууралуу расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы көпчүлүк болот. Шарт боюнча ал депутаттык мандаттын теңинен көбүнө ээ болот. Калган фракциялар азчылыкты түзөт.

Көпчүлүк коалициясын ким түзөт?

Мыйзам боюнча президент ЖК курамындагы фракциянын бирине коалиция түзүү үчүн укук (мандат) берет. 2010-жылы Кыргызстан башкаруунун парламенттик-президенттик формасына өткөндөн бери мандатты КСДП фракциясы алып келет. Бул жолу да өлкө башчы коалицияны жана өкмөттү түзүп, Жогорку Кеңештин төрагасын тандоо укугун социал-демократтарга берди.

Көпчүлүк коалициясы канча мөөнөттө түзүлүшү керек?

Коалиция 15 күндүн аралыгында түзүлүшү шарт. Мындан тышкары, ушул эле мөөнөттө спикер шайланып, өкмөттүн курамы да түзүлүшү керек.

Тийиштүү убакытта коалиция түзүлбөй калса эмне болот?

Эгер мандатка ээ болгон фракция коалиция түзө албай калса, президент укукту башка фракцияга берет. Мындай көрүнүш 2010-жылы болгон. Анда КСДП коалиция түзө албагандыктан, президент Роза Отунбаева муну "Республика" фракциясына тапшырып, ал коалиция менен өкмөттүн жаңы курамын түзгөн.

Көпчүлүк коалициясына кирбей калган фракциялардын тагдыры кандай болот?

Фракциялар оппозицияда болуп, кааласа, бирдиктүү фронтто иш алып баруу үчүн азчылык коалициясын түзүүгө укуктуу. Мындан тышкары, алар өз-өзүнчө да иштей алат. Парламенттик оппозиция бюджет жана укук маселелери боюнча ЖК комитеттерин жетектөөгө жана башка комитеттердин төрагасынын орун басарлыгына талапкер боло алышат.

Фракциялардын бардыгы көпчүлүк коалицияга кирүүнү кааласа эмне болот?

Мындай жагдай түзүлүшү мүмкүн эмес, анткени, Баш мыйзам боюнча Жогорку Кеңеште оппозиция болушу керек. Мында коалицияга кирбей калган фракция өзүн оппозиция катары эсептебешине да жол берилет.

Оппозиция өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлигин коё алабы?

Коё алат, бирок көпчүлүк коалиция оппозициянын пикирине кулак салышы күмөн. Салт боюнча, өкмөттүн курамы көпчүлүк коалицияга мамилеси түз адамдардан куралат.

Көпчүлүк коалициясын ким буза алат?

Бир же бир нече фракциянын андан чыгуусун расмий жарыялагандан кийин көпчүлүк коалициянын иши токтотулат. Мында ыйгарымдуу өкүл коалициянын бузулганын расмий жарыялайт.

Коалицияны канча ирет түзүүгө болот?

Жогорку Кеңештин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык, коалицияны түзүү саны аныкталган эмес. Мурунку чакырылышта коалиция алты жолу түзүлгөн.

Оппозицияда жүргөн фракция көпчүлүк коалиция түзүлгөндөн кийин ага кошула алабы?

Кошула алат, буга мыйзамда жол берилген. Бул үчүн коалиция мүчөлөрүнүн баарынын макулдугун алып, парламенттик уюмга кирүү боюнча документтерге кол коюлушу шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0