БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Англиянын окумуштуулары жаңы трансгендик пимидорду ойлоп тапканы жөнүндө Nature Communications журналында жарыяланганын макалада айтылат.
"Медицина үчүн маанилүү болгон өсүмдүктү өстүрүү чоң күчтүү талап кылып, татаал келет. ошондой эле көп убакытты алат. Биздин изилдөөлөр өзүнүн платформасы аркылуу томаттарды аларды өстүрүүдө фантастикалык мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ал заттарды бул помидорлордун ширесинен эле бөлүп алса болот", — дейт Норвик шаарындагы Жон Иннеса борборунун окумуштуусу Ян Чжан (Yang Zhang).
Биринчи эксперименттердин жыйынтыгы көрсөткөндөй, гени модификацияланган помидорлор менен дарыларды ири көлөмдө чыгарууга мүмкүн. Мисалы бир помидордо 50 бөтөлкө кызыл винодогудай эле ресвератрол бар. Мындай ийгиликтер медицинада жаңы ачылыштарды жасоого багыт бермекчи.