БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин төрагалыгына социал-демократтардан Алмаз Кененбаев жана "Замандаш" партиясынан өзүн көрсөткөн Жамал Рысалиев ат салышып жатканын шаардык кеңештин депутаты Чынара Шейшекеева Sputnik агенттигине билдирди.
Шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Марат Аманкулов КСДП партиясы менен Жогорку Кеңешке келип, өзүнүн буга чейинки милдеттерин өткөрүп берген.
"Замандаш" фракциясынын мүчөсү Шейшекееванын айтымында, Бишкек шаардык кеңештин төрагалыгына дагы бир киши ат салышкан.
"Ата Мекен" фракциясынын өкүлү Союзбек Сатыбалдиев да талапкерлигин койгон, бирок кийин ал талапкерлигин алды", — деди ал.
Шаардык кеңештин төрагасы дүйшөмбү күнү кезексиз жыйында шайланат.