БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Токмок шаарында табылган Калашников автоматы менен бирге ок-дары аныкталганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, курал-жарак бузулган наабайкананын аймагындагы бетон плитасынын алдынан алынган. Полиэтилен кабына салынган 7,62 миллиметр калибрлүү автоматтын сериялык номери өчүрүлгөн. Мындан тышкары, эки магазин жана 7,62 калибрлүү ок табылган.
Учурда курал-жарактын табылышы боюнча материалдар УКМКнын тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү. Муну менен бирге ок-дарынын мыйзамсыз сакталышына тиешеси бар адамдарды тактоо жана издөө иштери башталды.