БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ош шаарында жаштар арасында террорзимге каршы турууда жаштардын ролун талкуулаган жыйын болуп, ага студенттер катышты. Жаштарга терроризм, экстремизм кесепеттери туурасында Ош шаарынын аймактык кеңешинин имамдары, ИИМ дин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери маалымат берди.
"ИИМдин 10-бөлүмүнүн "Терроризм жана экстремизмге каршы турууда, жаштардын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү" деген темада даярдалган маалыматтарды айтып берди", — деп билдирди Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы.
Жаштарды талкууга тарткан тегерек стол Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан уюштурулду.