БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Чүйдө айдоочу менен жанындагы кишини бычак менен жарадар кылып, качып кеткен жүргүнчү кармалганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, "Тойота-Эстима" унаасынын айдоочусу Нарын облусуна бара жатып, Бишкектин автобекетинен эки жүргүнчүнү сала кеткен. Анын бири мас абалында 50-55 жаштагы жаран болгон. Кечке маал Токмок шаарынын айланасына жеткенде ал күтүүсүз эле бычак менен айдоочу жана жанындагы дагы бир жүргүнчүнү сайып салган.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери из суутпай эле Кочкор районун тургунун кармашкан. Текшерүү учурунда анын Бишкектин мекемелеринин биринде жыгач уста болуп иштери аныкталган.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага "Киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.