БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында үч адамдын өлүмүнө байланышкан кылмыштын бети ачылганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде милиция кызматкерлери Шопоков көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунан 24 жаштагы аялдын сөөгүн табышкан. Андан кийин сыртынан бекитилген үйдөн дагы эки адамдын өлүгү чыккан.
Бул боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып кылмыш иши козголдон кийинки тергөө учурунда кылмышка шектелип мурда соттолуп, издөөгө алынган 18 жаштагы жаран ата-энесинин үйүндөгү жер төлөдөн табылган. Окуя болгон учурда анын жанында 23 жаштагы аял шериги болгон.
Сурак жыйынтыгында арак ичип отурган адамдардын ортосунда уруш чыгып, бала бөтөлкөлөштөрүн бычактап салганы аныкталган. Ал эми качып кетүүгө аракет кылган келинди баланын жанындагы шериги кууп жетип, сабап, ошол жерден муунтуп салган.
Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.