БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Анкаранын соту шаршемби күнү өлкөнүн бардык ЖМКларына ишембиде борбор калаада болгон теракт туурасында маалымат берүүгө такыр тыюу салды деп билдирет Hurriyet гезити.
Расмий маалыматка ылайык, 99 адам курман болуп, дагы 500дөн ашыгы медициналык жардам сурап кайрылган. Терактты темир жол бекетинин аймагындагы асма көпүрөнүн астынан өзүлөрүн жардырып жиберишкен эки жан кечти жасаган. Дал ошол маалда ал жерден бир топ эл митинг болчу жерге өтүп бара жаткан эле. Тергөөнүн негизги версиясына ылайык, террористтер "Ислам мамлекетине" тиешелүү адамдар.
Соттун чечими боюнча, тыюу "басылмалар, теле берүүлөр, радио, социалдык тармактар жана интернеттеги ЖМКлар аркылуу берилчү жаңылыктардын бардык түрүнө, маектерге, сын жана аналитикалык материалдарга тиешелүү". Чечим токтоосуз күчүнө кире турганы бардык түрк ЖМКларга расмий кабарланды.