Республикалык VII спартакиада: волейбол боюнча Жалал-Абаддын кыздар командасы алдыда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүВолейбол тобу. Архив
Волейбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздардан куралган команда буга чейин республикалык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп келген.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кочкор-Ата шаарында өтүп жаткан республикалык VII спартакиадада волейбол  боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) кыздар командасы алдыңкы орунга чыкканын аталган мекеме билдирди.

Олимпиаданын символу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: VII спартакиада Бразилияда өтүүчү Олимпиада оюндарына даярдык болот
Спорттук иш-чара 9-октябрда башталган. Ачылыш аземине премьер-министр Темир Сариев катышып, спартакиада 2016-жылы август айында Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы олимпиадага даярдык экенин белгилеген.

Маалыматка ылайык, волейбол боюнча мелдешке Жалал-Абад ОИИБнын "Динамо кыздар" командасы облустун атынан чыгып, алдыңкы орунду алышты. 

Аталган команданын жетекчиси Акбаралы Кулсариев бул оюнга кыздар өтө чоң даярдык көргөн дейт.

"Алгачкы беттеште Талас командасы менен чыгып 3:0 эсебине утуп алышкан. Андан кийинкилерде Баткен облусунун жана Ош шаарынын командалары менен күч сынашып, аларды да 3:0 эсебине утушту. Буюруса, жалпы оюндун жыйынтыгында да жеңишке жетет деген ишеним күч", — деп билдирди ал. 

Кыздардан куралган бул команда буга чейин республикалык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0