Сариев: VII спартакиада Бразилияда өтүүчү Олимпиада оюндарына даярдык болот

© flickr.com / Jon CurnowОлимпиаданын символу. Архив
Олимпиаданын символу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 15 спорттук объект курулуп, чоң спорт комплекси ишке берилгенин кошумчалады.ё

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кочкор-Ата шаарындагы республикалык VII спартакиада 2016-жылы август айында Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы олимпиадага даярдык экенин премьер-министр Темир Сариев аталган спорттук иш-чаранын ачылышында билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы куттуктоо сөзүн сүйлөп, спартакиаданын байгелик фонду үчүн бөлүнгөн 1 миллион сомду тапшырды. 

Сариевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн Жалал-Абад шаарынын стадиону ачылат.

"Келечекте жалпы өлкө боюнча көптөгөн мындай спорт комплекстери ачылат. Бүгүнкү спорт таймашынын катышуучуларына мен жаңы ийгиликтерди багынтуусун каалайм. Бул таймашты 2016-жылы август айында Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы олимпиадага карата даярдык катары эсептесек болот", — деп белгиледи премьер-министр.

Өкмөт башчы быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 15 спорттук объект курулуп, чоң спорт комплекси ишке берилгенин кошумчалады. 

"Мындан тышкары, Ысык-Көл жээгиндеги "Достук" пансионатынын базасында спорттук комплекстин курулушу пландаштырылууда, анда кыргызстандык спортчулар атайы дене-тарбиялык даярдыктан өтүүсү үчүн бардык шарттар түзүлөт", — деди Сариев.

Премьер-министр Жалал-Абад облусуна жасаган бир күндүк иш сапарынын алкагында бир катар спорттук комплекстерге күрөшүүчү килемдердин беш комплектисин белек кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0