Ал добуш берип бүткөндөн кийин кыргызстандыктарды шайлоо күнү менен куттуктап, бул процесс майнаптуу болоруна ишеним арткандыгын билдирди.
"Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн 2338 шайлоо участогу ачылып, иштей баштады. Коомдук тартип туруктуу. Бүгүн шайлоо таза, ачык, тынч өтүп, жыйынтыгын баарыбыз кечинде алабыз деп ишенем",— деди Сариев.
Саат 12:00дө алынган маалыматтар боюнча, шайлоочулардын 9 пайызы добуштарын беришти.
Бүгүн, 4-октябрда өлкө боюнча парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 14 саясий партия ат салышууда.
Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>