Кыргызстандын жарандары ID-карта, жалпы жарандык жана ПИН-код чапталган 1994-жылкы паспорт менен шайлоого укуктуу. Башка документтер менен добуш берүүгө болбойт. Шайлоо учурунда жалпы республика боюнча 2374 шайлоо участкасы иштейт. Чет мамлекеттерде 36 участка ачылган.
Шайлоо-2015. Онлайн-репортаж
08:53 04.10.2015 (Жаңыртылды: 13:27 09.08.2023)
© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов в Жогорку Кенеш 2015 в Бишкеке
![Ход выборов в Жогорку Кенеш 2015 в Бишкеке Ход выборов в Жогорку Кенеш 2015 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101895/81/1018958118_0:0:3000:2002_600x0_80_0_0_aef767dac34038f6825b62acd4dca21b.jpg)
Жазылуу
Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жүрүп жатат. Депутаттык мандат үчүн 14 саясий партия ат салышууда. Шайлоо учурунда биометрикалык маалымат тапшырган 2 миллион 761 миң 297 адам добуш берет. Бардык шайлоо участкалары биометрикалык маалыматты текшерүү үчүн тийиштүү жабдуу жана компьютердик техника менен жабдылган.