БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ишемби күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2018-жылы боло турган Дүйнө Чемпионатына тандоо турунун алкагында өтө турган Кыргызстан — Тажикстандын беттешүүсү үчүн билеттер сатылып баштайт.
Билеттерди жасалма кылып сатуудан сактоо максатында аларга коргоонун үч деңгээли түшүрүлгөн.
"Сатып алуучулар анын жасалма болуп калбашы үчүн жакшылап карашы керек. КРдин салык кызматы жана Футбол федерациясынын мөөрү коюлбаган билеттер жараксыз деп эсептелет", — деп билдиришти Федерациядан.
Федерациядан кассада бир адамга бештен гана билет алууга болорун билдирди. Эгерде кимдир-бирөөлөр билеттерди сатып алып, анын үстүнө акча кошуп кайра сатып жатса, мындай көрүнүштү Футбол федерациясына билдирүү керектигин айтышты.
2018-жылы болуучу дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагындагы оюн 8-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 8.00дө өтөт.