ЖМК: Казакстан Жакынкы Чыгыштан качкындарды кабыл алууга даяр

© flickr.com / SaraYeomansКазакстан мамлекетинин желеги. Архив
Казакстан мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан да согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан жарандарды эл аралык милдеттемелерге ылайык кабыл алууга даяр.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Казакстан Жакынкы Чыгыштан качкындарды кабыл алууга даяр деп билидрет Tengrinews.kz жаңылыктар сайты.

ЖМК: сириялык күрддөр журналист чалып жыккан качкын согушкер болчу деп жазышты
Улуу Британия парламентинин лорддор палатасынын өкүлү Менай Дессаи өткөн жумада Жакынкы Чыгыштан качкындарды Борбордук Азиянын Монголия, Түркмөнстан, Кыргызстан ж.б. сыяктуу калк аз отурукташкан өлкөлөрүндө жайгаштырууну сунуш кылган. 

Агенттик билдиргендей, ушундай пикири менен Казакстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү боюнча вице-министр Биржан Нурымбетов качкындарды коргоо жана эл аралык миграция боюнча Алматы процессинде бийик даражалуу адамдардын расмий эмес сүйлөшүүсүндө бөлүшкөн.

Аткаминердин айтымында, 2011-жылы "Качкындар жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, анда качкындардын же башпаанек издегендердин статусу жөнүндө маселелер теске салынган.

"Бизде БУУнун качкындардын иштери боюнча туруктуу өкүлчүлүгү иштейт. Массалык агымдар маселеси да мыйзамда каралган — өзгөчө кырдаалдарга байланышкан мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт", — деди Нурымбетов.

Вице-министр, эгер талап кылынса, качкындарды жайгаштырып, аларды баш калкалоо жайлары менен камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт. 

"Казакстанга качкындар келет деп ойлобойм", — деп сөзүн жыйынтыктаган вице-министр. Анын айтымында, качкындар маселеси менен Казакстандын ички иштер министирлиги алектенет. 

Агенттиктин маалыматына ылайык, Нурымбетовдун пикирине макулдугун БУУнун Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азияда качкындар маселеси боюнча аймактык өкүлү Бернард Дойл билдирген. 

"Согуштан жабыркагандардын Жакынкы Чыгышта жана Европадагы оор абалы олуттуу маселе. Борбордук Азияга көп сандагы качкындар келет деген коркунуч жана мүмкүнчүлүк бар деп ойлобойм. Ошентсе да, Борбордук Азия өлкөлөрү бул жагдайда олуттуу жардам көрсөтүп, жана өзүнө качкындарды кабыл алып жаткан өлкөлөргө үлгү боло алышат", — деди ал.

Евросоюздун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Евробиримдик качкындарга бир миллиард евро бөлөт
Ошол эле учурда КРдин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы кайрылмандар менен иш алып баруу боюнча башкармалыктын жетекчиси Майрамбек Бейшеновдун айтымында, Кыргызстандын мыйзамы боюнча жана эл аралык милдеттемелерге ылайык, республика башпаанек сурап кайрылуучулардын баарын кабыл ала алат. Бирок Сириядагы согуштан жабыр тарткан аз гана сандагы жарандар келгенин, ал эми Ирактан бир да адам кайрылбаганын ал кошумчалады. 

Министрликтин маалыматына ылайык, 2012-жылдан бери Сириядан Кыргызстанга 121 адам келип, качкындын расмий макамы 60 кишиге берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0