БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында күйүүчү майды мыйзамсыз ташыган эки унаа кармалганын Финансы полициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган "Скания" үлгүсүндөгү фура тийиштүү документтерсиз 21 тонна күйүүчү май ташып бара жаткан жеринен токтотулган. Ал эми "Камаздагы" Аи-80 түрүндөгү 24 тонна майга салык кызматынын пломбасы коюлбаганы аныкталган.
Учурда иштин чоо-жайы аныкталып, тийиштиги бар жарандар такталууда.