БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Революция — бул осол кадамдын жана өзүмчүлдүктүн белгиси экенин Бишкекте өтүп жаткан "Евразия интгерациясындагы жаштардын ролу" аттуу форумунда Эл аралык "Россия сегодня" маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев билдирди.
Өз сөзүндө агенттиктин жетекчиси Кыргызстанда жакын арада парламенттик шайлоо өтөрүн белгилеп өттү.
"Мен эч бир партияга үгүттөбөйм, жарандар жөн гана өз тандоосун айтышы керек. Эгер кимдир бирөө туура эмес иштерди жасаганы жатса, бул кыргызга каршы аракет деп билем. Революция — осол кадам жана өзүмчүлдүктүн белгиси", — деди Киселев.
Иш-чара "ЕАЭБ: аймак аралык кызматташуунун келечеги" аттуу IV кыргыз-россиялык конференциянын алкагында өтүп жатат.
Форумда РФ Мамлекеттик Дума төрагасынын кеңешчиси Михаил Кротов, КР 'мгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев, Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык департаментинин директору Николай Тайвонен жана башкалар сөз сүйлөшүүдө.