БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаарынын айрым райондорунда ичүүчү суу токтотула турганын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, суу 9.00дөн баштап кечки саат 5.00гө чейин берилбейт.
Шаардык муниципалитеттин билдирүүсүндө ичүүчү суу Достоевский, Горький, Ауэзов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда, "Алтын-Ордо", "Кара-Жыгач" жаңы конуштарында, Кыргыз-Түрк университетинин, "Кыргызэнергоремонт", №93 кесиптик-техникалык окуу жайынын аймагында токтотулат.
"Бишкексууканал" ишканасы мындай кадам суу кампаларын оңдоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында жасалып жатканын кошумчалады.