БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаар тургундарын жолдордун оңдолушу боюнча пикир билдирүүгө чакырып жатканын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Быйыл "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын 30 көчөсүнүн аң-чөңдөрүн оңдоду. Калыбына келтирилген көчөлөрдүн толук тизмеси менен мэриянын сайтынан таанышууга болот.
Көчөлөрдүн аң-чөңдөрүнүн оңдолушу боюнча бардык сунуш, сын-пикирлерди (312) 62-58-18 телефону аркылуу билдирүүгө болот.
Шаардык муниципалитет бишкектиктердин ар бир айтылган көз жаздымда калбай турганына убада берди.