Президент Атамбаев Казак хандыгынын 550 жылдык салтанатына катышууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Казак хандыгынын 550 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга катышты.
Президент Алмазбек Атамбаев Казак хандыгынын 550 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга катышты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтанат бир катар мамлекет башчыларынын катышуусу менен Астана шаарындагы Эгемендик сарайында өтүп жатат.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Казак хандыгынын 550 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.

Атамбаев Астанага түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитине катышуу үчүн учуп кетти
Бүгүн, 11-сентябрда президент Казакстанга жумушчу иш сапары менен учуп кетти. Салтанат бир катар мамлекет башчыларынын катышуусу менен Астана шаарындагы Эгемендик сарайында өтүп жатат. 

Ушул эле күнү Атамбаев Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетекчилеринин V саммитине катышат. Анда аталган биримдикке кирген мамлекеттердин мындан аркы ар кыл жааттагы кызматташууларын кеңейтүү талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0