Атамбаев Астанага түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитине катышуу үчүн учуп кетти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Казакстанга жумушчу иш сапары менен учуп кетти.
Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга жумушчу иш сапары менен учуп кетти. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттер аталган биримдикке кирген мамлекеттердин мындан ары ар кыл жааттагы кызматташууларын кеңейтүүнү талкуулайт.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга жумушчу иш сапары менен учуп кетти. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Иш сапардын алкагында Атамбаев Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетекчилеринин V саммитине катышат. Анда аталган биримдикке кирген мамлекеттердин мындан ары ар кыл жааттагы кызматташууларын кеңейтүү талкууланат. 

Маалымат кызматы, саммиттин соңунда бирдиктүү Декларация кабыл алынарын билдирди.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0