БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Актилек-Автодорожный" өткөрүү пунктунан жасалма паспорт менен Казакстандын жараны кармалганын Чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган жаран үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында Казакстандан Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган казакстандык жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлдү.