Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.00дө (Бишкек боюнча 08.00) башталган парадды 50гө жакын өлкөлөлөрдүн өкмөт башчылары, президенттери жана өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун көрдү. Бардык меймандарды Кытай төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алды.
Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 75 жоокери Кытайдын борборунун Тяньаньмэнь аянтынан өттү. Аларды коменданттык бригаданын командири Данияр Исаков башкарды. Ал 9-Майда да Москвада өткөн парадда кыргызстандык гвардиячыларга командалык кылган. Жоокерлердин параддык кийими да 9-Майда кийилгендей.
Бардыгы болуп Улуттук гвардиядан Кытайга 83 адам барган, алты гвардиячы резервде турат. Делегациянын курамына фельдшер жана бригаданын командиринин орун басары да кирет.