Кытайда болгон парад тууралуу кызыктуу фактылар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз офицерлери Кытайдын Японияга каршы согушунун 70 жылдык жеңиши жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын урматына Пекин шаарында аскердик парадында
Кыргыз офицерлери Кытайдын Японияга каршы согушунун 70 жылдык жеңиши жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын урматына Пекин шаарында аскердик парадында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдагы парадга биринчи жолу кыз-келиндердин ардактуу караулу катышты. Алардын боюнун орточо узундугу 1,78 метр, жаш курагы 20 жашты түзөт, деп жазат басылма.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. China Daily гезити Кытайдагы парад жөнүндө бир катар кызыктуу фактыларды жарыялады.

Кытайдын Японияга каршы согушунун 70 жылдык жеңиши жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын урматына Пекин шаарында аскердик парад болуп өттү. Ага Кыргызстандын гвардиячылары катышууда жана Тяньаньмэнь аянтында бул иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев катышты.

Президент Алмазбек Атамбаев сапарга бара жаткан кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Кытайга парад көрүп жана КРге жол салуу боюнча сүйлөшүү үчүн учуп кетти
China Daily гезити Кытайдагы парад жөнүндө бир катар кызыктуу фактыларды жазды:

Парад биринчи жолу Кытайдын түзүлгөн күнүнүн урматына арналган жок.

Кытай Эл Республикасы негизделгенден бери 14 жолу аскердик парад өткөн. 1999-жылы жана 2009-жылы КЭРдин негизделгенинин 50 жана 60 жылдыгына карата ири масштабдагы аскер параддары болгон.

Парадга согуштун ардагерлери чакырылган. Аларга иш-чаранын уюштуруучулары Япониянын агрессиясына каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги үчүн таазим кылышты. Алардын бул парадга катышуусу тарыхый мааниге ээ, себеби алар кытай элинин көз карандысыз болушуна эбегейсиз салым кошкон.

Парадды жогорку офицердик курам жетектеди. 

Парадга биринчи жолу 17 башка мамлекеттерден келген миңден ашык аскерлердин катышуусу менен өттү. 

Улуттук гвардиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР жоокерлери Пекиндеги чоң аянтта Жеңиштин 70 жылдыгына карата параддан өтөт
Парадда жаңы аскердик техникалар – H-6К бомба таштоочу учагы, Y-20 транспорт учагы жана DF-16 жана DF-21D баллистикалык ракеталары көрсөтүлдү.

Согуштун ардагерлери 90 жаштан ашты. 300дөн ашык ардагер Жеңиш майрамына чакырылды. Ошондой эле, согушта курман болгондордун жакындары да келишти.

51-парадка катышып жаткан кыз-келиндердин ардактуу караулундагылардын орточо бою 1,78 метр жана жаш курагы 20 жашты түзөт. Майрамдык иш чарага катышып жаткан кыз-келиндердин 20,88 пайызынын бакалавр деңгээлиндеги билими бар.

2400дөн ашык аскер хорго катышып, япон агрессорлоруна каршы согуш жөнүндө отуздан ашык ырды аткарды. Хордүн мүчөлөрү парадга биринчи жолу катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0