БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Франциянын президенти Франсуа Олланд кыргызстандыктарды жана Атамбаевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, эки лидердин Парижде болгон жолугушуусунда жакшы элестер калганын билдирди.
"Эгемендүүлүк күнүндө Кыргызстандын элине жана өзүңүзгө тынчтык жана өнүгүү каалайм. Сизди бул жылы Парижде кабыл алганыма абдан кубанычтамын. Биздин жолугушуубуздан жакшы элестер калды. Биздин эки мамлекет ортосундагы кызматташуу өнүгүп, өрчүй беришин каалайм", — деп айтылат Франциянын президентинин куттуктоосунда.
Ал ошондой эле, өлкөдөгү саясий абал туура багыттын тандалып алгандыгын дагы бир жолу тастыктарына ишеним артарын белгилеген.