БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 5:02 Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Фергана тоо кыркасында жайгашкан. Жалал-Абад облусунун бир катар айылдарында жер титирөөнүн күчү 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.