"Автоледи" конкурсунун жеңүүчүсү: машина айдаган кыздардын баары эле "маймыл" эмес

Жазылуу
Биздин шаардын көчөлөрүндө машинаны эптеп эле айдаган эркектер көп деп жылмаят жеңүүчү кыз.

Борбор калаада биринчи жолу "Автоледи Бишкек-2015" конкурсу өттү. Машина айдаган кыздардын ортосундагы таймашты шаардык ИИБдин Жол кайгуул кызматы уюштурган. 10 кыз катышкан бул конкурстун башкы максаты – жолдо жүрүү маданиятын колдоо боюнча коомдук пикирди калыптандыруу болчу. Таймаштын жеңүүчүсү, жарнамалык компаниянын менеджери Айсулуу Парманова конкурс тууралуу, жеке турмушу жана жолдогу абал жөнүндө Sputnik агенттигинин кабарчысына айтып берди.

© пресс-служба ДПС ГУВД города БишкекТаймаштын жеңүүчүсү, жарнамалык компаниянын менеджери Айсулуу Парманова.
1/2
Таймаштын жеңүүчүсү, жарнамалык компаниянын менеджери Айсулуу Парманова.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков10 кыз катышкан бул конкурстун башкы максаты – жолдо жүрүү маданиятын колдоо боюнча коомдук пикирди калыптандыруу болчу.
2/2
10 кыз катышкан бул конкурстун башкы максаты – жолдо жүрүү маданиятын колдоо боюнча коомдук пикирди калыптандыруу болчу.
1/2
Таймаштын жеңүүчүсү, жарнамалык компаниянын менеджери Айсулуу Парманова.
2/2
10 кыз катышкан бул конкурстун башкы максаты – жолдо жүрүү маданиятын колдоо боюнча коомдук пикирди калыптандыруу болчу.

— Конкурска кандай катышып калдыңыз? Кимден билдиңиз?

Дриблинг жана сокку — Акеля Жумалиева топ тебүү чеберчилигин көрсөттү
— Чогуу иштеген кесиптештерим ушундай конкурс уюштурулуп жатканын айтып, катышып көрбөйсүңбү деп калышты. Анча каалаган эмесмин, бирок баары бир арыз таштап койдум. Алгач алдын ала тандоого 78 кызды чакырышыптыр. Баарыбыз жол кыймыл эрежелерин билүү боюнча экзамен тапшырдык. Конкурстун өзүнө болсо 10 кыз катыштык. 

Машинамда мага керектүүнүн баары, анын ичинде салык төлөгөнүм тууралуу квитанция, техникалык кароодон өткөнүмдү тастыктаган талон, өрт өчүргүч, аптечка, авариялык токтоп туруу белгиси жана башкалар бар болчу. Биз ошондой эле жол эрежелери боюнча билимибизди, башка унааны кантип айланып өтүштү жана унаа койчу жерге кантип киришти көрсөттүк.

— Конкурска катышууңузга эмне себеп болду?

— Биздин көчөлөрдө машинаны эптеп эле айдаган эркектер көп (күлүп). Эркек айдоочулар кыздарды "маймыл" деп атап, бизди айдоочулук күбөлүктү сатып алдың дешет. Биз айдоочу катары эрекектерден кем эместигибизди, ал тургай, алардан мыкты экенибизди көрсөткүм келди.

— Айдоочулук тажрыйбаңыз канча?

— Жалпысынан сегиз жыл. Беш жыл мурун айдоочулук күбөлүк алгам. Менин үч агам бар, алар мага машина айдаганды 12-13 жашымда эле үйрөткөн. 16га чыгарым менен айдоочулук күбөлүк алдым. Менин биринчи машинам Honda Fit болчу, азыр Toyota Rav 4 айдап жүрөм. 

— Жол инспекторлору сизге айып салганбы?

— Мага рулда баратып телефон менен сүйлөшкөнүм үчүн, сактык курду тагынбаганым үчүн айып салышкан. Башка эреже бузуулар да болгон, бирок оор эмес (күлүп).

— Жол кырсыгына кабылгансызбы?

— Жок, бирок кышында жол тайгакта бир окуя болгон. Менин алдыман бир машина кескин токтой калып, мен аны сүзүп албаш үчүн тез бурулуп кеткенге аракет кылгам. Машинам тегеренип барып токтоп калган. Кагышкан эмеспиз. Менин күнөөм деле жок болчу анда. 

— Жолдо машинаңыз сынып калган учур болгонбу? Айтып бериңизчи?

— Болгон. Бирок байкелерим мага баарын үйрөткөн. Дөңгөлөктү алмаштыра алам, калганын…, эгер олуттуу сынык болсо, аны атайын жайларда гана оңдош керек.

— Жеке турмушуңуз тууралуу айтып берсеңиз?

— Турмушка чыга элекмин, башка эч нерсе айтпайм (күлүп).

— Жолдо кандай айдоочусуз?

— Маанайыма жараша. Албетте, мүмкүн болушунча бардык эрежелерди сактап айдаганга аракет кыласың. Мен аябай жакшы айдоочумун, бирок кээде ылдамдыкты көтөргөндү жакшы көрөм. 

— Автосүйүүчүлөргө эмне кеңеш кыласыз?

— Бири-бирин көбүрөөк сыйлаш керек. Баары эле өзү жөнүндө, өзүнүн каалоосу жөнүндө ойлойт. Ошол эле тыгындарды алалык, карасаң, алдыдагы машина туура эмес туруп алган үчүн эле пайда болуп калат. Эгер бири-бирин сыйлашса, жол кырсыгы, мушташ, келишпестиктер, албетте, азыраак болмок.

Жаңылыктар түрмөгү
0