БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жаачы Эдил Садыгалиев Монголияда өткөн Эл аралык улуттук оюндарда жеңүүчү аталганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, эл аралык "Шувуулахуй Наадам" улуттук оюндары 20-25-август күндөрү Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өттү. Мелдешке Монголия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Катар, Пакистан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты.
Садыгалиев жаа менен 40 метр алыстыктан атуу боюнча биринчи орунга татыды.