БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Нарын облусунда "Бирдиктүү Кыргызстан" аттуу республикалык жаштар форуму өтөрүн Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан уюштурулуп 27-29-август күндөрү боло турган иш-чара Мамлекеттик жаштар саясатынын стратегиясынын алкагында өтүп, достукту бекемдөө, ар улуттагы жаштардын байланышын чыңдоо, аймактык, этникалык жана диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу максатын көздөйт.
Форумга министр Айбек Азыранкулов катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар саясаты талкууланып, Таш-Рабат, Кошой-Коргон жана Соң-Көл сыяктуу тарыхый-маданий жерлерде болушат.