БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандык кыз Түркиядагы жети кабаттуу имараттан секирип каза болгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Sputnik агенттигине билдирди.
Стамбул шаарындагы башкы консулдуктун маалыматы боюнча, кырсык дүйшөмбүгө караган түнү Анталияда болгон.
"Кыз секирер алдында байкесине чалып, туугандарынан кечирим сурап, баласын үйгө калтырып, жетинчи кабаттан секирип кеткен", — деп маалымат кызматы билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кошуналары, куткаруу кызматы кызды сактап кала алышкан эмес. Ал алган жаракатынан улам каза болгон.
Консулдуктун кызматкерлери сөөктү мекенине кайтарууга жардам беришет.