БИШКЕК, 20-авг — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Материалдык резервдер фондунун башчысы Шералы Абдылдаевди иштен алды деп билдиришти өкмөттүн маалымат кызматынан.
Премьер-министр Темир Сариев аткаминерди кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койду. Буга чейин өкмөт башчысы Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышам деген чиновниктерди шайлоо башталгыча мамлекеттик кызматтан кетишин айткан.
Абдылдаев парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынан тизмеде 27-орун менен катышууну көздөп жатат.