00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Закон о ВИЭ меняется: чьи интересы будут учтены - КР или инвесторов?
08:04
42 мин
Ежедневные новости
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Көчөттөрдүн импорту жана экспорту: ЕАЭБде фитосанитардык көзөмөл күчөтүлүүдө
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мэрия троллейбустардын санын совет доорундагы көрсөткүчкө жеткирүүнү максаттайт

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТроллейбус. Архив
Троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалитет өткөн жылы 75 троллейбус сатып алган. Учурда быйыл жана кийинки жылдары троллейбус алууга кредит маселеси тууралуу Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы алгач троллейбус паркын өнүктүрүүгө басым жасап, андан кийин автобуска өтө турганын шаар башчысы Кубанычбек Кулматов жыйында билдирди.

Анын айтымында, муниципалитет өткөн жылы 75 троллейбус сатып алган. Учурда быйыл жана кийинки жылдары троллейбус алууга кредит маселеси тууралуу Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

"Кол коюлгандан кийин келишим дароо ратификациялоого жөнөтүлөт. Божомолдор боюнча, бул 2016-жылдын жаз айларына туура келет. Банк тендер жарыялай берсек болорун билдирди. Мэрия шаардагы троллейбустардын санын совет учурундагы көрсөткүчтөргө жеткирүүнү пландаштырып жатат. Ал кезде шаарда 200 троллейбус жүрчү", — дейт мэр. 

Жыйынга катышкан премьер-министр Темир Сариев коомдук транспорт маселеси тез арада чечилиши керектигин, болбосо, шаар унаа тыгындарына толуп каларын эскертти.

"Автобустар боюнча да кандайдыр бир чара көрүлүш керек. Жүргүнчү ташыган жеке компаниялар лизинг ыкмасы менен автобустарды алуусу кажет. Маршруттук унааларды деле 30 миң долларга сатып алып жатышпайбы", — деди өкмөт башчы.

Кулматов учурда бардык жүргүнчү ташуучулар ассоциацияга бириккенин билдирди.

"Ушу тапта 100 муниципалдык автобус жана ушунча троллейбус бар. Автобустардын лизингге алып, дароо газга өтүүсү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди калаа башчысы.

Ал бүгүнкү күндө жаңы автобустар 70 миң евро экенин, буга чейин Европадагы колдонуудан калып, колдон колго өткөн унаалардын Кыргызстанга алынып келишин каалабай турганын белгиледи.

"Борборду бусиктерден бошотмоюнча автобустарга жүргүнчү ташуу киреше алып келбейт. Алар пайданы көздөшөт, демек, биздин эрежелерге макул болушат", — деди премьер-министр.

Сариев Бишкекти толук коомдук унаа менен камсыз кылууга республикалык бюджеттеги каражат да жетишсиз экенин кошумчалап, кырдаалдан чыгуунун башка жолдорун иштеп чыгуу боюнча тапшырма берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0