Түштүк Кореяда өтө турган эл аралык маданий фестивалды кыргызстандык өнөрпоздор ачат

© flickr.com / Republic of KoreaТүштүк Кореяда өтө турган эл аралык маданий фестивалды кыргызстандык өнөрпоздор ачат
Түштүк Кореяда өтө турган эл аралык маданий фестивалды кыргызстандык өнөрпоздор ачат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жибек Жолунун маданий фестивалы" 1998-жылдан бери өткөрүлүп келет. Кылымдарды карыткан тарыхы бар, көрөңгөлүү маданий мураска бай элдердин руханий байлыгын жайылтып, даңазалоону көздөйт.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандык өнөрпоздор менен кол өнөрчүлөр Түштүк Кореяда өтө турган "Жибек Жолунун маданий фестивалы" аттуу эл аралык иш-чарага катыша турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Ринат Мурзаев кабарлады.

Маалыматка ылайык, эки же үч жылда бир өтө турган фестиваль быйыл Түштүк Кореянын Кенжу шаарында 20-августтан баштап октябрь айына чейин болот.

"Кыргыз делегациясын КРдин маданият министри Алтынбек Максутов жетектейт. Быйыл бул маданий иш-чарага 16 өлкөдөн келген өнөрпоздор катышат. Мындан тышкары, алты мамлекеттин маданият министрлери келери күтүлүүдө", — деди Мурзаев.

Ал бул жылы фестивалды кыргызстандыктар ачарын, 20-27-август күндөрү эл назарына Кыргызстандын маданияты, каада-салты, кол өнөрчүлүгү тартуулана турганын кошумчалады.

"Жибек Жолунун маданий фестивалы" 1998-жылдан бери өткөрүлүп келет. Кылымдарды карыткан тарыхы дар, көрөңгөлүү маданий мураска бай элдердин руханий байлыгын жайылтып, даңазалоону көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0