Sputnik өткөн аптадагы дүйнө жүзүндөгү эң маанилүү жана кызыктуу окуялар жөнүндө сүрөттөр түрмөгүн сунуштайт.
Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушунун алкагында кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлүн алып салуу салтанаты, кытай акчасынын девальвациясы, Македония менен Грециянын чек арасына чабуул коюучулар, Индиянын көз карандысыздык күнү, Кытайдын Тяньцзинь шаарындагы жарылуулар, Кыргызстанда жылдыздардын учушу. Өткөн аптанын ушул жана башка эсте каларлык окуяларын Sputnik агенттигинин кезектеги сүрөттөр түрмөгүнөн көрүңүз.
Бишкектин асманында Персеид метеорид жамгыры. Асмандан жылдыздай жанып учкан метеорлор - планеталар аралык заттардын майда бөлүктөрү Жердин атмосферасына секундасына 20 чакырым ылдамдыкта учуп кирип, дароо жанып күйүп асманда кооз жарык из калтырат.
Сингапурдун көз карандысыздыгынын 50 жылдык салтанатында балдар жарык диоддуу кийимчен бийлеп жатышат. Майрамга карата бул өлкөдө аскер парады, фейерверк жана авиашоу болду. Быйыл сингапурлуктар үчүн өтө маанилүү бул майрамды алар март айында 91 жаш курагында дүйнөдөн кайткан Ли Куан Юнун жаркын элесине басым жасоо менен белгилешти. Ли Куан Ю учурунда Сингапурдун калкынын 90 пайызын турак-жай менен камсыз кылып, ал эми Ички дүң жүгүртүүсүн ар бир жашоочуга карата 56 миң долларга жеткирген.
Тяньцзин шаарынын Биньхай аймагында (Пекинден 200 чакырым) Ruihai Logistics логистикалык компаниянын коркунучтуу заттар сакталуучу кампасында эки чоң жарылуу болду. Натыйжада кампага жакын турган жүздөгөн автоунаалар күлгө айланган. Андан кийин 20 миң чарчы метрде өрт башталган. Өлгөндөрдүн саны 85ке жетти, 720дан ашыгы ооруканаларга жеткирилди. Сүрөттө: куткаруучу коркунучтуу заттар жарылган жерде, Тяньцзинь (Кытай)
Фламинго Испаниянын түштүгүндөгү Фуэнте-де-Пьедра табигый коругунда. Лагуна Фуэнте-де-Пьедра – фламингонун 170тен ашык түрлөрү катталып, Пиреней жарым аралындагы эң башкы коруктардын бири. Жүздөгөн фламингонун балапандарын шакектеп, түрлөрүнүн эволюциясына көз салуу үчүн жыл сайын текшерип турушат.
Сибирь сүлөөсүнүнүн баласы Никаны Новосибирскинин зоопаркында үй мышыгы багып чоңойткон. Бул жерде үй мышыгы жапайы жаныбарларга эне болгон учурлар көп. Зоопаркта иштегендер быйыл дагы бир мышык кичинекей харзаларды эмизип бакканын айтышты.
Мигрантттар македон-грек чек арасында. Еврокомиссия грек бийлиги менен мигранттардын Грецияга агымы күч алышына байланышкан маселени чечүүгө багытталган иш-аракеттер планын макулдашты. Быйыл июль айында өлкөгө 50 миңдей мигрант келген, ал эми өткөн жылы ушул мезгилде алардын саны алты миң гана болчу.
Нааразылык акциялары Сент-Луис менен Фергюсондо полиция кызматкери 18 жашар афроамерикалык Майкл Браунду өлтүргөнүнө бир жыл толгон күнү 9-августта башталды. Сент-Луистин полициясы 11-августта бир күн ичинде Фергюсондо 23 адам кармалып, алардын жалпы саны 144кө жеткенин билдирген.
Полиция кызматкери Сринагарда (Индия) көз карандысыздык күнү белгилөө учурунда от шакеги аркылуу мотоцикл менен секирип жатат. Жыл сайын 15-августта Индия өзүнүн эң чоң майрамы болуп эсептелген Улуу Британиянын баскынчылыгынан бошонуу күнүн белгилейт. Көз карандысыздык күнү 1947-жылдан бери майрамдалып келет.
Артисттер суу спорту боюнча Казанда өткөн XVI дүйнөлүк чемпионатын жабуу салтанатында. Жалпы командалык эсеп боюнча биринчи орунга Кытай, экинчи орунга АКШ жана үчүнчү орунга 17 медаль менен Россия чыкты. Кийинки дүйнөлүк чемпионат2017-жылы Будапештте өтөт.
Манагуанын пири, кедей-кембагалдардын коргоочусу — ыйык Доминик де Гусмандын урматына Никарагуанын борборунда өткөн майрамдын катышуучусу. Никарагуалыктар өз денелерин машина майы менен майлашат. Бул алардын күнөөлөрүнүн белгиси, сыйынып жаткандар андан арылтууну ыйык Доминиктен сурашат.
Казакстандын тургундары кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бажысынын ачылыш салтанатында. КР ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болду. Ачылышка КРдин премьер-министри Темир Сариев Казакстандын премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев катышты. Эки өлкөнүн президенттери Ысык-Көлдөн телекөпүрө аркылуу бажы көзөмөлүн алып салууну буйрушту.
Аял "Дордой" базарын аралап жүк көтөрүп келе жатат. Бул Борбордук Азиядагы эң ири буюм базары, ал жерде 40 000соода түйүнүндө 55 000адам иштейт. Товар негизинен базарга Кытайдан келет. Базарда жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен Түркиянын товарлары да бар.
Кытайдын Ляонин провинциясынын түндүк-чыгышындагы Шэньян паркында лаванда талаасы. Сейил бак 5 миң му (1 му 0,07 гектарга барабар) аянтты ээлейт. Анда лаванданын декоративдүү түрү өсөт. Паркта дагы бадалдар менен гүлдөрдүн онго жакын түрү бар.
Бишкектин "Алгасы" менен Макаонун Casa Benfica клубу ойноп жаткан учурда стадиондогу күйөрман. Таймаш АФК кубогунун тандоо турунун алкагында КРдин Долон Өмүрзаков атындагы стадионунда өттү. Оюн 2:0 эсеби менен "Алганын" пайдасына бүткөн.
Гонкондо (Кытай) акча алмаштыруучу жайдын алдында. Кытайдын Элдик банкы мурда болуп көрбөгөн кадамга барып, 11-августта юандын "орточо курсун" долларга карата 1,86 пайызга түшүрдү. 12 жана 13-августта курс 1,62 жана 1,12 пайыз төмөндөп, бир доллар 6,4 юанга бааланды. Бул 2011-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.