БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Токтогул районунун Чычкан капчыгайындагы токойдо болжол менен 45 гектар чөп, дүмүрлөр түтөп жатканын ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда өрт толугу менен өчө элек.
Кырсык 13-августта болжол менен саат төрттөрдө башталган. Өрттү өчүрүүгө куткаруучулар, токой кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар болуп 40ка жакын киши тартылган.
Ушу тапта 46 куткаруучу нөөмөттө турат.