БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын "Алга" футбол командасы Азия футбол конфедерациясынын кийинки раундуна чыкпай калышы ыктымал.
Шейшемби күнү "Алга" командасы Макаонун Casa Benfica командасы менен ойноп, 2:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми бейшемби күнү Макаонун командасы Бангладештин Lt. Sheikh Jamal Dhanmondi Club Limited командасы менен ойноп, оюн 4:1 эсебинде Бангладештин пайдасына аяктаган.
Ишемби күнү, 15-августта Бишкектин командасы менен Бангладештин ортосунда чечүүчү оюн болот. Эки команданын тең бирден жеңиши бар. Киргизилген голдордун айырмасынан улам, Lt. Sheikh Jamal Dhanmondi Club Limited командасы тең чыгышы мүмкүн. Кийинки оюнга өтүү үчүн "Алга" атаандашын утушу керек.
Эки команданын беттеши ишемби күнү кечки саат 6:00дө Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.